БОЗ АЛА БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ыза болуу, ызалануу, уят болуу, өкүттө калуу. Алымбай боз ала болуп, жерден оонап туруп жатканда, Батийнанын күлкүсү угулду (Сыдыкбеков). Атамды мактайт ко деген ойдо турган байдын уулу боз ала болуп туруп калат (Баялинов). Бая күнү Тоокем айткандай, боз ала болуп калып калдым (Кыдырмышев). Ошентип, Эргеш окуткан окуучуларынын алдында боз ала болуп кала берди («Чалкан»).